Жаңылыктар
Парламенттик ассамблеянын жыйынын КТРК түз көрсөтөт
Саясат
Парламенттик ассамблеянын жыйынын КТРК түз көрсөтөт

3-6-октябрь күндөрү Бишкекте Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламенттик ассамблеясынын жыйыны өтөт. Ага 57 мамлекеттин 300дөн ашуун депутаттары катышаары күтүлүүдө. Жыйындын ачылыш аземи 3-октябрга белгиленген. 

Кечки саат 17:00 дөн 18:00 гө чейин отурумду Коомдук биринчи канал жана “Ала-Тоо 24” каналы түз көрсөтөт. ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын Кыргызстанда алгачкы жолу уюштурулуп жаткан иш-чарасында Борбор Азиянын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат.