Жаңылыктар
Өз кесибинин мыктылары мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту
Кыргызстан жаңылыктары
Өз кесибинин мыктылары мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту

Өз кесибинин мыктысы болуп, мамлекет үчүн ак ниет кызмат кылган ар бир адамдын эмгеги жогору бааланып, урмат сыйга ээ болушу керек. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде сүйлөп жатып билдирди. Өлкө башчысы жогорку сыйлыктарды канааттануу менен тапшырып жатканын, мында келген ар бир жаран Кыргызстандын сыймыгы деп белгиледи. 

Иш-чара “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы “Энесай” конок үйүндө өтүп, 150 дөн ашык адам ар кандай даражадагы сыйлыктардын ээси болушту. Наамдар 3-даражадагы “Манас” ордени, “Эрдик”, “Даңк” медалдары, бир катар тармактар боюнча эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл акыны, эл жазуучусу, эл сүрөтчүсү наамдары боюнча ыйгарылып жана ардак грамоталар тапшырылды. 

Сыйлангандардын арасында акын, жазуучу, мугалим, дарыгер, артисттер, айыл чарба жана өнөр жай кызматкерлери, курулуш, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана башка багытта эмгектенген бир катар кесиптин ээлери бар.