Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков ар кыл тармактын адистерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Сооронбай Жээнбеков ар кыл тармактын адистерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Кыргызстандын 150 дөн ашуун ар кыл тармактын адистери Президент Сооронбай Жээнбековдун колунан мамлекеттик сыйлык алышты. Куттуктоо сөзүндө “Адал эмгек, ак ниет аракет- мамлекет тарабынан адилет бааланышы зарыл”-  деп белгилеген, мамлекет башчы Кыргызстан адам эмгеги аркылуу гана өнүгүүгө жете алаарын баса белгиледи. 


Өлкө жетекчиси бул жолу айрыкча көп жылдан бери эмгеги бааланбай, көз жаздымда калып келген айрым татыктуу адамдарга карата сыйылыктарды тапшырууга басым жасалганын, алар менен кошо кубанып турганын жашырган жок.


Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"