Жаңылыктар
Эки жаңы завод ачылды
Экономика
Эки жаңы завод ачылды

Бишкекте металл буюмдарын жана тротуар брусчаткаларын чыгарган эки завод ишке киргизилди. Ишканалар Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылык жардамы менен ачылды. Бул салтанаттуу иш чарага Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. 

Эки заводду кыдырып көргөн Өкмөт башчы мындай ишканалардын ачылышы жаңы жумуш орундарын түзүүгө гана эмес жалпы эле өлкө экономикасын өргө тартаарын белгиледи.