Кулматов абакта 28-октябрга чейин калтырылды. Биринчи май райондук соту Бишкектин мурдагы башчысы абактагы Кубанычбек Кулматовду 28-октябрга чейин абакта калтыруу жөнүндө чечим кабыл алды. Кулматов коррупция жана жараксыз паспортту пайдалануу боюнча айыпталып жатат.
Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча айып коюлган.
Июнь айында Кулматовго “Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелеринин негизинде экинчи кылмыш иши козголгон.
УКМК аны "1995-жылы Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн" деп айыптап жатат. Азыр ал УКМКнын тергөө абагында отурат.