Жаңылыктар
Таласта "Талас Агро - 2016" көргөзмөсү болот
Айыл чарба
Таласта "Талас Агро - 2016" көргөзмөсү болот

Таласта 8-9-апрель күндөрү үчүнчү эл аралык “Талас Агро - 2016” көргөзмөсү өтөт. Көргөзмөгө Орусиядан, Украинадан, Казакстандан жана республиканын жалпы региондорунан жазгы талаа жумуштарына керектелүүчү үрөн, көчөттөрдүн жаңы сортторун сатуучулар, айыл-чарба шаймандары жана техникалары, күнөсканалар, тамчылатып сугаруу системаларын куруучу, айыл-чарба тармагында чакан кайра иштетүүчү заводдорду курган компаниялар катышат. 

Ошондой эле органикалык жана химиялык жер семирткичтерди өндүргөн көрүнүктүү фирмалар, мал чарбасынын асыл тукум багыттарын көбөйткөн ишкерлер, ассоциациялар, жергиликтүү ишкерлердин катышуусу күтүлүүдө.