Жаңылыктар
“Ысык-Көл” эл аралык форумунда глобалдашкан коомдун көйгөйлөрү талкууланат
Маданият
“Ысык-Көл” эл аралык форумунда глобалдашкан коомдун көйгөйлөрү талкууланат

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган “Ысык-Көл” форумунун башталарына туура эки күн калды. Дүйнөнүн белгилүү окумуштуулары, жазуучулары, саясатчылары жана маданият ишмерлери катыша турган жыйын “Чыңгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары” деген аталышта өтүп, анда глобалдашкан коомдун көйгөйлөрү талкууланат.

1986-жылдын октябрында өткөн биринчи "Ысык-Көл форуму” Советтер Союзундагы интеллектуалдардын эл аралык эркин форуму катары тарыхка кирген. Айтматовдун өзүнүн демилгеси менен уюштурулган бул жыйынга Чыгыш менен Батыштын, жалпы эле дүйнөнүн эң көрүнүктүү жазуучулары, саясатчылары, аалымдары жана маданият ишмерлери мүчө болгон. Алардын баарын Чыңгыз Айтматов өзү чакырган. Катышуучулар алгач Ала-Арчада кеп курушуп, андан соң кереметтүү Ысык-Көл жергесинде улантышкан. Анда ошол доордун эң көйгөйлүү маселелери көтөрүлгөн. 

Аалам алптарынын башын бириктирген масштабдуу форумдун президенти болуп гуманист-жазуучу Чыңгыз Айтматов бир добуштан шайланган. Анда Майор,Миллер сыяктуу ойчулдар сүйлөп, кайра куруунун, жаңыча ойлоонун жана жашоонун идеяларын ортого салышкан. .
Форумдун жыйындары кийин Испания,Мексика сыяктуу чет өлкөлөрдө да уланды.
Адабияттын алпы, кара сөздүн кеменгеринин чыгармаларында козголгон терең маанилүү темалар, учурдун олуттуу маселелери алдыдагы Айтматов форумунун да негизги маңызын түзөт. Адабий темалар менен кошо саясий, экологиялык, нравалык көйгөйлөр козголуп, аны чечүүнүн жолдору ааламдын деңгээлинде талкууланат. Ал үчүн Кыргызстан аянтча болуп жатканы өтө кубанаарлык.

Көркөм адабиятты байыткан Айтматовдун өзү менен кошо чыгармалары да түбөлүктүү чексиз тема. Аларды жайылтуу максатында кыркка жакын китеп жана чыгармалар жыйнактары Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун жамааты тарабынан даярдалып чыгарылды.

Асыл, улуу инсандын дүйнөнү сактоо тууралуу баштаган иштери татыктуу уланып, жакшы натыйжасын берээр деген үмүттөр айтылууда.