Жаңылыктар
Кыргыз-казак ишкерлеринин соода-экономикалык кызматташтыгы кеңейүүдө
Экономика
Кыргыз-казак ишкерлеринин соода-экономикалык кызматташтыгы кеңейүүдө

Бишкекте кыргыз-казак ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны өттү. Максаты эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жана бекемдөө. Жыйындын алкагында өткөн бизнес-форумда Казакстандык эки компания менен Кыргызстандын эки компаниясы кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту.

Кыргызстандын соода өнөр жай палатасы, Казакстандын тышкы соода палатасы менен биргеликте уюштурган ишкерлер кеңешинин максаты бизнесмендер ортосунда пикир алмашуу, өнөктөштөрдү табуусуна аянтча түзүп берүү. Биринчи отурумда эле максат ишке ашты. Кыргызстандык эки ишкана Казакстандык эки компания менен кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту. Алардын бири медициналык бир жолку колдонуучу шаймандарды, экинчиси, курулуш материалдарды чыгарган ишкана.

Ушул эле жыйында дагы бир кызматташуу башталды. Ветеринардык шаймандарды чыгарган казакстандык компания менен кыргызстандык айыл чарба багытындагы ишкана ортосундагы сүйлөшүү жемиштүү болду.
Ушул эле форумга пайдалуу чөптөргө балды аралаштырып дары жасаган ишкана да продукциясын алып келген. Табигый дарыларды даярдаган ата мекендик компания Казакстан аркылуу дүйнөлүк базарга чыгуу сунушун беришти.

Кыргызстандын соода өнөр-жай палатасы, Казакстандын тышкы соода палатасы менен биргеликте уюштурган ишкерлер кеңешинин түзүлгөнү көп маселелерди чечет деген ишеним чоң.
Кыргызстандын соода өнөр-жай палатасы уюштурган буга чейинки бизнес-форумда эки өлкөнүн ишкерлери 11 миллион доллардан ашык суммага кызматташуу тууралуу келишимине кол коюшкан. Жакынкы жылдары Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү тапшырмасын мамлекет башчылары берген.