Жаңылыктар
"Сүтак" тасмасы Ника сыйлыгына татыды
Маданият
"Сүтак" тасмасы Ника сыйлыгына татыды

“Сүтак” көркөм тасмасы Орусиянын “Ника” кино сыйлыгынын “КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы” номинациясын жеңип алды. 

Бул номинацияга Эстония, Грузия, Украина, Литва режиссерлорунун тасмалары ат салышкан. “Сүтак” тасмасында Кыргызстандын элет жериндеги үй-бүлөнүн окуясы баяндалган.

 “Сүтак” буга чейин да бир нече эл аралык фестивалдарда алдынкы орундарды багындырган.