Жаңылыктар
Жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү ант беришти
Саясат
Жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү ант беришти

Жогорку Кеңеште өткөн өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү иш-чарасына президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Мамлекет башчысы өкмөттүн жаңы мүчөлөрүн куттуктап, "Сиздердин ар бир кадам, ар бир ишиңиздер элдин элегинен өтүп, дыкат кароосунда экенин эч качан эстен чыгарбаңыздар", - деп баса белгиледи. 

Аткаруу бийлигинин айрым мүчөлөрүнүн акыркы кездеги жүрүм-туруму коомдо кызуу талкууланып, жалпы бийликке көлөкө түшүргөнүн, мамлекеттик кызматкерлерге карата коомчулуктун терс пикирин жаратканын да айтты. Эл бийликке баа бергенде кызматкердин аткарган иши боюнча гана эмес, жетекчилердин жүрүм-турумуна дагы маани берерин айткан президент өкмөт мүчөлөрүн антты бузбоого чакырды. 

"Ант - ыйык. Элибиз эзелтен антты ыйык тутуп, анын маңызына, жоопкерчилигине, улуулугуна өзгөчө маани берип, касиетин жогору баалап келген. Өлкөбүздүн эгемен тарыхында берген антын сактабаган, анын жоопкерчилигин түшүнбөгөн адамдардын тагдыры кандай болгонун өзүңүздөр билесиздер. Антыңарга бекем болгула!", - деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков. 

Парламентте Өкмөттүн аппарат жетекчиси-министр Шамил Асымбеков, юстиция министри Марат Жаманкулов, өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов ант беришти.