Жаңылыктар
Маданияттын көпүрөсү бекемделди
Маданият
Маданияттын көпүрөсү бекемделди

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын 300 адамдан турган чыгармачыл жамааты Казакстандын Алматы шаарына барып театралдаштырылган чоң концерттик программаны тартуулап келишти. 

“Өнөр ыйык өткөндөрдүн мурасы, филармония таланттардын уясы” аттуу концерттик программа, Тарых жана маданият жылына ошондой эле, Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата өттү. 

Концерт Алматынын Мухтар Ауэзов атындагы казак мамлекеттик театрында уюштурулду. Улуттук филармониянын директору Кыргызбай Осмонов буга чейин Казакстанга мындай чоң масштабдагы концерттик программа келбегинин айтып, эсте калаарлык иш чара болгонун баса белгиледи.