Жаңылыктар
Кесиптик майрамын утурлай мыкты мугалимдер сыйланды
Билим
Кесиптик майрамын утурлай мыкты мугалимдер сыйланды

Мугалимдердин кесиптик майрамы Бишкекте чоң салтанат менен белгиленди. Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөн иш-чарада, шаардык жалпы билим берүү мекемелериндеги мыкты мугалимдер борбор калаанын жетекчилиги тарабынан сыйланышты. Ошондой эле жыл сайын өтүүчү "Балдарга жүрөгүмдү берем" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Сынак "Мыкты мугалим", "Мыкты жаш мугалим", "Мыкты жалпы билим берүү мектеби" жана башка 12 номинация боюнча уюшулган. Жеңүүчүлөр алган орундарына жараша акчалай сыйлыктар жана окуу процессине тиешелүү техникалар менен сыйланышты. Мугалимдердин кесиптик майрамы менен калаа мэри куттуктап, балдарга билим берген окутуучулардын эмгеги жаш муунду тарбиялоодо эбегейсиз экенин айтты. Майрамдык маанай концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Ошондой эле, Баткен шаарында да мугалимдер күнүнө карата жаш мугалимдер слёту өттү. Ага облустагы спорт, билим, маданият тармагындагы алдыңкы 56 окуучу чакырылып, мугалимдер жана ата-энелер дагы катышты. Саамалыкта мыкты мугалимдер облус жетекчиси тарабынан сыйланды. Маданий иш-чаранын негизги максаты - окуучуларды шыктандыруу жана агартуу тармагындагы мыкты, жаңычыл демилгелерди сунуштап, балдар менен иштөөнү жакшырткан мугалимдердин эмгегин баалоо болду. Баткен шаарында азыр 5 миң 688 окуучу билим алып, аларга жалпысынан 360 мугалим билим берет.