Жаңылыктар
Мугалим - мөмөлүү дарак
Билим
Мугалим - мөмөлүү дарак

Бүгүн мугалимдердин бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул күзгү майрам ЮНЕСКО тарабынан 1994-жылы бекитилген. Буга чейин Кыргызстанда мугалимдердин кесиптик майрамы октябрь айынын биринчи жекшембисинде белгиленип келген. Бирок 2014-жылы Өкмөттүн токтому менен 5-октябрь расмий түрдө мугалимдер күнү деп жарыяланган. Бул жалпы мугалимдердин, окутуучулардын жана билим берүү тармагындагы кызматкерлердин кесиптик майрамы. Анда мугалимдердин сапаттуу билим берүү процессиндеги ролу жана эмгеги, ошондой эле алардын коомдун өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымдары белгиленет.

5-Октябрь - Мугалимдердин кесиптик майрамына карата Бишкекте бөлмө гүлдөрүнүн көргөзмөсү башталды. Ал “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр борборунда өтүүдө. Көргөзмөгө фиалка жана декоративдик бөлмө гүлдөрүнүн түрлөрү коюлган. Иш-чара 8-октябрга чейин болот. Гүлдөрдүн көргөзмө-жарманкеси жылына 4 жолу уюштурулуп, 5 жылдан бери өткөрүлүп келет.