Жаңылыктар
Эл аралык "Ысык-Көл" форуму башталды
Билим
Эл аралык "Ысык-Көл" форуму башталды

Борбор калаада эл аралык "Ысык-Көл" форуму башталды. Иш-чаранын ачылышы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү. Форумга президент Сооронбай Жээнбеков, чет өлкөдөн келген коноктор жана маданият, адабият, кино жаатындагы көрүнүктүү инсандар катышты.

“Чыңгыз Айтматов жана азыркы замандын чакырыктары” деп аталган форум 7-октябрга чейин уланат. Анын расмий ачылышы Бишкекте болуп, калган эки бөлүгү көгүлтүр Ысык-Көл жээгинде өтөт. Алгачкы Ысык-Көл форуму мындан 32 жыл мурда Ысык-Көлдө башталып, андан кийин кезеги менен Швейцария, Франция, Гренадада өтүп, кайрадан Бишкекте уюштурулган. Ал эми бул жолкусу дүйнөлүк интеллигенциянын VI жыйналышы.