Жаңылыктар
Бүгүн Ош шаарынын күнү белгиленет
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Ош шаарынын күнү белгиленет

Бүгүн 5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленет. Өлкөнүн экинчи борборунун 3018 жылдыгына карата “Сулайман-Тоо - тынчтыктын жана ынтымактын символу” деген аталыштагы фестиваль, эл аралык жаштар форуму өтөт. 

Ал эми борбордук аянтта сүрөт көргөзмөсү уюштурулат. “Ош - ооматтуу ордо калаа” жана “Билим жана чыгармачылык” жармаңкелери уюштурулуп, майрам эстрада ырчыларынын концерти менен коштолот. Майрамдык салтанатка байланыштуу шаардын айрым көчөлөрү убактылуу жабылат. Белгилей кетсек, Ош шаарынын күнү 2000-жылдан бери белгиленип келет.