Жаңылыктар
Президенттин Жарлыгы
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин Жарлыгы

Президент Алмазбек Атамбаев “Аксы окуяларынын жана Апрель элдик революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду. 

Кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөш жолундагы эң маанилүү күндөрүнө мамлекеттик макам бекитүү жана бул татаал жолдо курман болгондордун элесин түбөлүккө сактоо максатында Конституциянын 60-65-беренелерине ылайык, токтом кылынды. 

Буга байланышуу Өкмөткө төмөнкүлөр сунушталат: 17-мартты – жыл сайын белгиленүүчү эскерүү күнү – “Аксы окуяларынын күнү” деп жарыялоо; 24-мартты – жыл сайын белгиленүүчү эскерүү күнү – “2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революция күнү” деп жарыялоо; “7-апрель – Элдик Апрель революциясы күнү” Эмгек Кодексинде белгиленген жумуш эмес майрам күндөрүнүн тизмесине киргизүү Жогорку Кеңешинин депутаттарына сунушталат. 

Мындан сырткары жарлыкка ылайык, 2006-жылдын 6-мартындагы “24-мартты улуттук майрамдоо күнү деп жарыялоо жөнүндөгү” Жарлык күчүн жоготот. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.