Жаңылыктар
Кызмат учурундагы кырсык
Кырсык
Кызмат учурундагы кырсык

Кечээ кечки саат 10дор чамасында НТС телеканалынын оператору жол кырсыгынан каза болду. Оператор Бишкектин Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишиндеги жолдун ортосунда жаңы жылдык долбоорго сюжет тартып жаткан учурда 2 унаа катары менен сүзүп кеткен. Оор жаракат алгандыктан ошол жерден жан бергени тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда тергөө иштери башталды. Каза болгон Жоомарт Асанбековдун үстүндө атайын прессанын кийими болбогону маалым болду.