Жаңылыктар
Интеллектуалдардын Ысык-Көл шеринеси Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияда уланууда
Билим
Интеллектуалдардын Ысык-Көл шеринеси Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияда уланууда

Ысык-Көл эл аралык форуму бүгүн, 6-октябрда өз ишин Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияда улантууда. Талкуулар негизинен заманбап турмуш, маданий өзгөчөлүк жана гуманизм, экологиялык коопсуздук жана коопсуздук деген үч секциядан турат. Бүгүн ошондой эле форумдун меймандары Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" маданий борборундагы иш-чарага катышат. Андан соң жазуучунун чыгармаларынын негизинде коюлган сахналаштырылган оюн көрсөтүлөт. Эртең Ысык-Көл эл аралык форумунун катышуучуларынын кайрылуусу талкууланып, кабыл алынат.