Жаңылыктар
Шахмат боюнча дүйнө олимпиадасында кыргызстандыктар алтын медалга ээ болду
Спорт
Шахмат боюнча дүйнө олимпиадасында кыргызстандыктар алтын медалга ээ болду

Кыргызстандын шахмат боюнча аялдар курама командасы Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасында алтын медалга ээ болду. Мелдештин жыйынтыгында кыргызстандык шахматчылар 13 упайга ээ болуп, жеңишти камсыздашкан. Акыл таймашында өлкөнүн намысын Александра Самаганова, Диана Өмүрбекова, Бегимай Заирбек кызы, Зарина Усупбекова жана Шаадат Момуналиева коргоду. 

Турнир 24-сентябрдан 5-октябрга чейин Грузиянын Батуми шаарында өтүп, анда жалпысынан 149 аялдар командасы күч сынашты.