Жаңылыктар
UFC: Нурмагомедов чемпион!
Спорт
UFC: Нурмагомедов чемпион!

Спорт кабарларынан. Лас-Вегаста өткөн UFCнин жеңил салмактагы чемпиондук үчүн беттеште Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегорду жеңип алды. 

Беттеш төртүнчү раунддун 3-мүнөтүндө жыйынтыкталды. Нурмагомедов алгач Макгрегордун аркасына өтүп, муунтуу ыкмасын жасаган. Жалпысынан Нурмагомедов 27 беттеш өткөрүп, анын биринде да жеңилүү ызасын тартып көрө элек. 

Ал эми Конор Макгрегор 25 беттештин ичинен 4 жолу утулуп калган. 

Эске салсак, бул UFC 229 турниринин башкы беттеши болду.