Жаңылыктар
Тоолуу Карабахтагы абал
Дүйнө
Тоолуу Карабахтагы абал

Тоолуу Карабахта абал курчуганы байкалууда. Чет элдик басылмалар жазгандай, Азербайжан менен Армения ок атышууларга бири-бирин күнөөлөп жатат. 

Расмий Баку билдиргендей, Ак дарыя багытында түнкүсүн катуу салгылашуу болуп, алардын позициясына миномет менен ок атуулар болду. Армения тарап болсо Азербайжан аскерлери түштүк-чыгыш жана түндүк-чыгыш багытында тынымсыз ок атып, ал жакта танк жана башка аскер техникаларын колдонгонун айтууда. 

Кагылышуу болгон аймакта атылган ок коңшу Ирандын аймагына чейин жетип жатат. Ирандын айылдарынын биринде үч минометтук снаряд жарылды. Ал жакты кайтарып жаткан чек арачылар Азербайжан менен Арменияга эскертүү жасады. Эске салсак, тарыхы 90-жылдарга такалган кагылышуу жакынкы эс алуу күндөрү кайра жанданган.