Бул аптанын башы, а дегенде эле саламаттык сакчылары үчүн сүйүнүчтүү кабар менен башталды.
Октябрь айынан тартып үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеген кызматкерлердин маянасы көтөрүлдү. Тактап айтканда айлык акысынын үстүнө ай сайын кошумча каражат кошулуп берилет.
Орточо эсеп боюнча бул каражат 16 000 сомго чейинки сумма. Бирок үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы дарыгерлердин иши индикаторлор менен бааланат.