Жаңылыктар
“Дордой” клубу 10-ирет Кыргызстандын кубогун жеңди
Спорт
“Дордой” клубу 10-ирет Кыргызстандын кубогун жеңди

Бишкектин “Дордой” клубу 10-ирет Кыргызстандын кубогун жеңип алды. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, финалдык оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, анда “Дордой” жана Оштун “Алай” курамасы кез келип, дордойчулар 3:2 эсебинде жеңишке жетти. 

Эске салсак, шаардык команда өткөн жылы да Кыргызстандын кубогун жеңип алган болчу. Бул клуб үчүн рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет. Кыргызстандын кубогу - Топ-лигадан кийинки эле маанилүү турнир.