Жаңылыктар
Өлкө аймагында жаан-чачын күтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө аймагында жаан-чачын күтүлөт

Өлкө аймаганда 4-апрелден 8-апрелге чейин жаан-чачын күтүлөт. Кыргыз гидрометеорология борборунун маалыматы боюнча, республиканын көпчүлүк аймагында жаан жаайт, тоолуу райондорго каар жаашы мүмкүн. 

Бишкек жана Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан-чачын болот. Тоолуу аймактардагы жолдордо кар күрткүлөрү топтолуп, муз тоңот. 

Ошондой эле, 4-5-апрель күндөрү тоолуу аймактардагы жолдордо кар көчкү жүрүү коркунучу сакталат. Жаан-чачындуу аба ырайына байланыштуу Бишкек-Ош, Каракол-Эңилчек жана Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолдорунда кар көчкү жүрүп, кар күрткүлөрү топтолуп, жолдордо муз тоңот. Адистер унаалар ортосунда 500 метр аралыкты сактоо зарыл экенин эскертет.