Жаңылыктар
Долларга талап азайды
Экономика
Долларга талап азайды

Доллардын куну күн санап түшүүдө. Бүгүн өлкөдө 1 америка акчасы 68 сомдон сатылууда. Ошентип бир аптада доллар 2 сомго арзандады. Борбордогу акча алмаштыруу жайлары жана коммерциялык банктар 1 долларды 67 сом 70 тыйындан алып, 68 сом 70 тыйындан сатып жатат. 

Улуттук банк доллардын курсун 69 сом 45 тыйын бекиткен. Доллар менен катар орус жана казак акчасы дагы арзандады. Улуттук банк валюта рыногунда абал туруктуу экенин белгилеп, доллардын арзандашын ага болгон талаптын азайгандыгы менен түшүндүрүүдө.