Жаңылыктар
Аксы районуна 90 жыл толду
Кыргызстан жаңылыктары
Аксы районуна 90 жыл толду

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна 90 жыл толду. 90 жылдык маараке Падыша-Ата жайлоосунда белгиленди. Майрам жүрүшүндө спорттук оюндардын бир нече түрү боюнча мелдештер болду. Ал эми улуттук оюндардан кыз куумай, тыйын эңмей, күрөш уюштурулуп, комузчулар менен ырчылардын коштоосунда майрам катышуучуларына концерт тартууланды. Иш-чарага өкмөт өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышып, район элинин 90 жылдык мааракеси менен куттуктады. Аксы районунун өсүп-өнүгүшүнө зор салымын кошкон жарандар сыйлык алышты.

“Майрамга катышып жатканыма кубанып турам. Жакшы өтүп жатат. Аксы району тууралуу, андан чыккан таланттар тууралуу кеңири сөз болду. Буга чейин билбей жүргөн нерсебизби алдык”,- деди Аксы районунун тургуну Айтыкан Кадырбаева.

“90 жылдыкка ар кандай курулуштар болду. Ар түрдүү спорттук оюндарды өткөрдүк. Мааракеге кеткен каражаттын көбү демөөрчүлөр тарабынан каржыланды”,
- деди Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытова.