Жаңылыктар
Төрт күнгө созулган "Айтматов жана доор чакырыктары" эл аралык Ысык-Көл форуму ийгиликтүү аяктады
Маданият
Төрт күнгө созулган "Айтматов жана доор чакырыктары" эл аралык Ысык-Көл форуму ийгиликтүү аяктады

Шериненин жыйынтыгында 20дан ашык өлкөдөн келген илимий жана маданий интеллигенциянын өкүлдөрү биргелешкен декларация кабыл алды. Андан соң Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына таасирленген коноктор, жазуучунун “Ак кеме” повестинен таанышкан Ысык-Көлдүн кооздугуна күбө болушту. Сейилдөө ырым-жырым менен дагы коштолду.

Форумдун алкагында жазуучунун чыгармачыл жолу, жаратылышка калтырган таасири, учурдагы глобалдык көйгөйлөр каралды. Эл аралык форумга дүйнөнүн булуң-бурчунан келген маданий жана илимий кызматкерлер даярдап келген баяндамалары жасап, жыйынтыгында биргелешкен билдирүү жасашты. Жалпынын пикирин камтыган кайрылуу айтылган сунуш-пикирлерди эске алып, жыйынтыктап туруп дүйнө коомчулугуна жарыяланмакчы. Ал үчүн атайын комиссия иш алып барат.

Бир нече күн ааламдашуу доорундагы маселелер тууралуу ой толгоп, баяндама жасаган адамдар бак-даракты сарыга боёгон күз мезгилине суктанып, тоо койнундагы көгүлтүр көлдө кеме менен сүзүп эргүү алышты. Алар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы эл-жердин жашоо-шартына күбө болушту. 

Форум аяктап катышуучулар Чыңгыз Айтматов планеталык деңгээлдеги ойчул деген баасын беришти. Алар Айтматовдун чыгармалары дүйнөлүк адабиятта маанилүүлүгүн жоготпойт жана өз орду бар деп санашат. 

Шериненин алкагында ырым-жырым жасалды. Монголиядагы Хыргыз-Нур деп аталган, тагыраагы кыргыз көлдөн келген суу Ысык-Көлгө куюлду. Бул ырымды шеринеге келгендер биргелешип жасашты. Акырында моңгол элинин мурунку президенти Ысык-Көлдүн суусун идишине толтуруп алды. 

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын утурлай уюшулган Эл аралык форумда кыйрап жаткан жаратылыш, адамзат кабылган коркунучтар жөнүндө кеңири талкуу жүрдү. Отурумда залкар жазуучу өткөн кылымда жазылган чыгармалары азыр курчуп турганы айтылды. Жыйынтыгында өз максатына жеткен шеринени 2-3 жылда өткөрүү сунушу жактырылды.