Жаңылыктар
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда таш кулады
Кырсык
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда таш кулады

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Нарын районунун кесип өткөн аймагына таш кулады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, таш - Казан-Куйган айыл аймагында кулады. 

Анда айтылгандай, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 312 -чакырымындагы Бейше-Булак участкасында 4-апрелге караган түнү саат 12лер чамасында тоодон 700 м3 көлөмүндө ири таштар кулап түштү. Натыйжада жолдун бир тарабы жабылып калган. Жабыр тарткандар жок. 

Каттамды тазалоо үчүн жолдун курулуш иштери менен алектенип жаткан кытай компаниясы тарабынан 8 кызматкер жана керектүү техникалар тартылды.