Жаңылыктар
Айтылуу жети акенин бири - Карга Акенин 300 жылдыгы белгиленди
Маданият
Айтылуу жети акенин бири - Карга Акенин 300 жылдыгы белгиленди

Айтылуу жети акенин бири - Карга Акеге 300 жыл. Кылымда бир жаралчу Карга Акенин мааракеси Ысык-Көл өрөөнүндөгү Дархан айылында өттү. Чоң салтанаттын алкагында манасчылар 7 күн бою Манас айтышты.


Карга аке - Ысык-Көл өрөөнүнөн чыккан айтылуу 7 акенин бири. Кара кылды как жарган калыс болгондуктан, эл ичинде «калыстыкты Каргадан тап» деген сөз калган.

Карга акенин 300 жылдыгына карата уюштурулган салтанат алгач куран окулуп, анын айкелин ачуу менен башталды. Мааракеге президенттик аппараттан, Жогорку Кеңштен жана чет өлкөдөн коноктор келишкен.

Мааракени каз катар тигилген боз үйлөр да көркүнө чыгарып турду. Жети-Өгүз районунун эли Карга аке учурунда саламаттыгы чың болуп, 110 жашка чыккандыгына байланыштуу 110 боз үй тигишкен. Ошондой эле манасчылар 7 күн, 7 түн манас айтып, элге руханий байлык тартуулашты.