Жаңылыктар
Борбор калаада мугалимдердин билимин өркүндөткөн борбор ачылды
Билим
Борбор калаада мугалимдердин билимин өркүндөткөн борбор ачылды

Бишкек шаарында мугалимдердин билимин өркүндөткөн борбор ачылды. Заманбап техника менен жабдылган бул мекемеден сабак берүүнүн жаңы ыкмалары мугалимдерге үйрөтүлөт. Квалификациясын бул жактан жогорулаткан адис мектеп окуучуларына сапатуу билим берет дешет экспеттер. Алгач бул инновациялык борбордо кыргыз тил, орус тил жана англис тил мугалимдери билимин өркүндөтөт. 

Коомдо агартуучуларга карата алкыш сөздөр менен катар эле мектептердеги билим жетиштүү деңгээлде берилбейт деп айтылат. Өзгөчө өлкөнүн аймагындагы мектептер менен шаардагы билим берүү мекемелеринде билим сапатындагы айырмачылыктарды байкоого болот.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"