Жаңылыктар
Талас облусунун Кара-Буура айылында жаңы мектеп ачылды
Билим
Талас облусунун Кара-Буура айылында жаңы мектеп ачылды

Билимдин аркасы менен гана биз эл аралык аренада атаандаштыкка туруштук бере алабыз. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кара-Буура айылында А.Умарбеков атындагы орто мектептин ачылыш аземинде билдирди. Мамлекет башчысы мектептин мугалимдерин, окуучуларды жана жергиликтүү тургундарды бул кубанычтуу окуя менен куттуктады. Сооронбай Жээнбеков билимди өнүктүрүү жана тереңдетүүгө токтолуп, Кыргызстандын алдында турган пландарды ишке ашыруу үчүн билимдүү жаштардын муунун тарбиялоо керектигин белгиледи. 

“Технологиялар тез өнүгүп жаткан мезгилде, балдарыбыз гана эмес, педагогдор дагы, бардыгыбыз окуп жана өзгөрүп, мезгил менен кошо кадам шилтегенге милдеттүүбүз. Балдардын толук кандуу билим алышы үчүн мамлекет тарабынан бардык аракеттер көрүлүүдө” - деп билдирди президент. 

Өлкө башчысы быйыл республикалык бюджеттин эсебинен жер-жерлерде 156 мектеп, анын ичинде Талас облусунда 22 мектеп курулуп жатканын маалымдады. Башка булактардын эсебинен дагы 27 мектеп курууга даярдык көрүлүүдө. Мамлекет башчысы бүгүн ачылып жаткан мектептен тарбия, билим алып, ушул айылдан да улуулардын жолун жолдогон нечен эр-азаматтар чыгарына терең ишенерин айтты. 

Айта кетсек, А.Умарбеков атындагы 225 орундуу мектептин курулушуна “Жерүй” кенин иштетүүдөн 24 миллион сом, республикалык бюджеттен 40 миллион сом бөлүнгөн.