Жаңылыктар
Жаңы мектеп - сапаттуу билим
Билим
Жаңы мектеп - сапаттуу билим

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылынын эли да жаңы мектептүү болушту. Өмүркул Жакишев атындагы орто мектептин ачылыш салтанатына Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. 

Премьер-министр билим берүү тармагын өнүктүрүү өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, мектептеги билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселесине өзгөчө басым жасалып жатканын билдирди.

Үч-Эмчек айылында чоң майрам. Жаңы мектептин ишке киришин айыл тургундары көптөн бери күткөн. Себеби айылдагы эски мектеп былтыр селден авариялык абалга келгендиктен, жаңысын салуу чечими кабыл алынган. Өкмөт башчы жалпы айыл элин, мугалимдер менен окуучуларды жаңы билим уясынын ачылышы менен куттуктады. Өкмөт башчы ар-бир ата-эне баласынын татыктуу билим алышын жана мыкты, тажрыйбалуу мугалимдер сабак беришин каалайт-деди. 

Билим берүү тармагын өнүктүрүү Өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири. Мындан улам тармакка бөлүнгөн каражаттардын жылдан-жылга көбөйүп жатат. Премьер-министр өткөн айда өлкө боюнча 30 жаңы мектеп пайдаланууга берилгенин, жыл аягына чейин дагы 150 социалдык объект ишке берилээрин билдирди.