Жаңылыктар
Бүткүл дүйнөлүк почта күнү Бишкекте да белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Бүткүл дүйнөлүк почта күнү Бишкекте да белгиленди

Бул датага карата өткөрүлгөн салтанатуу иш-чарага өлкөдөгү ишкана мекемелердин өкүлдөрү келип Кыргыз Республикасынын почта байланыш кызматкерлерин куттукташты. Кененирээк кийинки материалда.

Раиса Фейзердин жашы сексен жашты таяп калса да, почтага тез-тез келип турат. Анткени Германиядагы кызынан кат аркылуу кабар алып турбаса санааркай берет.  Кыргыз почтасы мамлекеттик ишканасында жаңылануулар менен катар жаңылыктар да аз эмес. Дүйнөнүн булуң-бурчунан келип даректерине жетпей калган каттар почтада 1 ай сакталат. Эгер эч ким алып кетпесе кайрадан жиберген тарапка кайтарылат. 

Он алты жаштагы Зубайда Нурманбетова Таластын Кара-Буурасынан келген. Ал жаштар арасында бүткүл Дүйнөлүк почта уюмунун демилгеси менен уюштурулган Эл аралык эпистолярдык жанрдагы дилбаян сынагында байгелүү орунга ээ болду. Зубайда сыяктуу 47 окуучунун мыкты жазылган дилбаяндары Швейцариянын Берн шаарында өтүп жаткан кароо-сынакка жөнөтүлгөн. Анда аныкталган жеңүүчүлөргө диплом жана түрдүү белектер тапшырылды.