Жаңылыктар
Талас облусунун Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкана ачылды
Айыл чарба
Талас облусунун Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкана ачылды

Белгилей кетсек, талас эли буурчакты сатууда буга чейин бир топ кыйынчылыктарды көрүп келген. Эми ишкананын ачылышы менен элет элинин продукциясынын өтүмдүүлүгү жогорулап, ага болгон сууро-талап күчөйт. 

Мындай жагымдуу жаңылыкты элет эли көптөн бери күткөн. Талас облусундагылардын көөдөнүндө турган заводду ишке киргизүү салтанатына президент Сооронбай Жээнбеков катышып, төө буурчакты тазалоо, кайра иштетүү жана таңгактоо иштерине күбө болду. Айта кетүүчү жайгдай, Кыргызстан жылына 90 миң тонна буурчак экспорттоп, 70 миллион доллар пайда табат.

Муну менен катар Кара-Буура районунун Кара-Буура айылында өлкө башчысынын катышуусу менен жаңы мектеп ачылды. Мындан сырткары Сооронбай Жээнбеков дыйкан чарбалардын ишмердиги менен таанышып, кыргыз-казак чек арасындагы Чоң-Капка көзөмөл өткөрмө бөлүгүнө барды.