Жаңылыктар
Күз мезгилинде психикалык дартка чалдыккандардын саны күч алат
Ден соолук
Күз мезгилинде психикалык дартка чалдыккандардын саны күч алат

Кыргызстанда 70 миңден ашык адам психихалык оорудан жапа чексе, анын ичинен 6 миңи кичинекей балдар. Бул сан жыл сайын өзгөрүп турат. Психикалык оорулардын ичинен эң кеңири тараганы депрессия. 

Бул ооруга  кабылган адамдын жан дүйнөсү жабыркандан сырткары, жүрөк оорусуна жана кант диабетине кабылып, кан басымы да туруксуз болот. Психикалык оорулар жаз күз мезгилдеринде өзгөчө күч алат. Бул ооруну алдына алуу жана дарылоо жолдору тууралуу адистер айтып берет. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.


Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"