Жаңылыктар
Жер кыртышынын бузулушуна эмне себеп болууда?
Кыргызстан жаңылыктары
Жер кыртышынын бузулушуна эмне себеп болууда?

Жер кыртышынын сапаттуу болушу, бул айыл чарбанын өнүгүшүнүн эң башкы фактору. Акыркы жылдары өлкөдөгү айдоо жерлеринин жана жайыттардын деградацияга учуроосу барган сайын көбөйүп жатат. Мына ушул көйгөйдү алдын алуу максатында Кыргызстан 6 өлкөнүн университеттеринин арасындагы жүргүзүлгөн эл аралык 3 жылдык кызматташууга катышкан. 

Бул тууралуу «Кыргызстандагы жер кыртышынын бузулушундагы актуалдуу көйгөйлөр» аталышындагы тегерек столдо белгилүү болду. Казакстан, Италия, Кытай, Словакия,  Хорватия мамлекеттеринин 11 жогорку окуу жайларынын адистери бул багытта тажрыйба алмашууда. Жер кыртышынын бузулушуна эмне себеп болууда жана аны алдын алуу үчүн кандай аракеттерди көрүү керек? 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"