Жаңылыктар
Милиция кызматкерлеринин ок атышууга чейин барган жосунсуз жоруктары
Кылмыш
Милиция кызматкерлеринин ок атышууга чейин барган жосунсуз жоруктары

Бишкекте бир ай аралыгында милиция кызматкерлеринин эки жосунсуз жоругу билинди. Сентябрдын 12си түнү кафеде сайрандап аткан тартип сакчысы кесиптешин бутка атып салса, 5-октябрь кесиптик майрам күнү эки милиция кызматкери тиреше кетип, атышууга чейин барган. Бул фактылар кылмыш китебине катталып, четинен чара көрүлө баштады.

Курсанттар курал колдонууну жана таамай атууга үйрөнүп жатышат. Академияны аяктайбы же башка жол аркылуу милиция болобу кызматка алынган адамга аскердик-дарыгерлердин чечими менен табелдик курал бекитилет. Бирок ок чыгаруунун темирдей эрежелери бар, туш келди ок атса мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш.

Бир ай мурун Ахунбаев көчөсүндөгү “Империя пиццы” кафесинде тартип сакчылары чатакташа кетип бирөөсү тапанча менен кесиптешин бутка аткан. Алар Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери экени такталып, жыйынтыгында 10 чакты кызматкерге чара көрүлдү. Кылмыш иликтөө кызматынын 100 жылдыгы белгиленген 5-октябрь түнү, кесиптик майрамында дагы бир милиция кызматкери ок чыгарган. 102 номуруна жашоочулардан кабар түшүп, окуяга канча кызматкер катышканы иликтенип жатат. Бул факты боюнча топтолгон маалыматтар прокуратурага өткөрүлгөн. Мындай көрүнүштөрдү шаар тургундары чектен чыккандык деп эсептейт.
Эске салсак, бул тартип сакчыларынын катышуусундагы биринчи кылмыш эмес. Буга чейин Аламүдүн районунун милиция кызматкерлери мас болуп алышып “Оливье” түнкү клубунан жаш жигитти ур-токмокко алышкан. Натыйжада жабырлануучу оор жаракат менен ооруканага түшкөн.