Жаңылыктар
Таласта төөбуурчак түшүмүн жыйноо кызуу жүрүүдө
Айыл чарба
 Таласта төөбуурчак түшүмүн жыйноо кызуу жүрүүдө

Таласта төөбуурчак түшүмү 80 пайызга жыйналып бүттү. Облуста 57 миң гектар аянтка төөбуурчак эгилген. Кең-Арал айылынын тургуну Дамир Осмонов быйыл 30 гектар жерине кызыл түстөгү төөбуурчак эккен. Гектарына 1-1 жарым тоннадан айланып, жалпы 35 тоннадай түшүм алды.

Дыйкандын айтымында, төөбуурчак өндүрүү киши колун карабай, атайын техникалардын жардамы менен ишке ашса, себүү, жулуу, чогултуу жана сорттоо, тазалоо өнөктүктөрү көп чыгаша тарттырбайт эле.
Айдар Шабданов дагы төөбуурчактын арты менен киреше таап көнгөн. Ал быйыл 20 гектар жерге төөбуурчак айдаган. Жыйнаган түшүмүн жана элден кабыл алган төөбуурчакты ортомчусуз сыртка өзү сатат. 

Ишкер-дыйкан төөбуурчак кабыл алган жеке пунктуна дан тазалоочу чакан жабдык да орноткон. Буюрса ушул күндөрү ишке кирет. Антсе да, Таласта төөбуурчакты толук тазалап, ар кандай өлчөмдө баштыктарга каптоочу завод керек эле дейт дыйкан. Мындай завод таластыктардын төөбуурчагын ортомчуларга эмес, акыркы керектөөчү кардарга түз алып барууга өбөлгө болот.
Таласта төөбуурчакты тазалоочу чакан, орто 7-8 ишкана бар. Ал эми төөбуурчакты тазалап, калибрлеп, атайын баштыкка каптоочу ири завод ушул күндөрү ишке кирди.