Жаңылыктар
Бүт өмүрүн билим берүүгө арнаган профессор Бейшен Турусбеков эскерилди
Билим
Бүт өмүрүн билим берүүгө арнаган профессор Бейшен Турусбеков эскерилди

Белгилүү профессор Бейшен Турусбековдун көзү тирүү болгондо быйыл 90го чыкмак. Анын юбилейине карата бир катар иш-чаралар өткөрүлөт. Бүгүн Турусбеков өзү иштеп кеткен Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында профессордун атындагы окуу-усулдук кабинетинин ачылышы болду. Анда улуу инсандын китептери коюлуп, ондогон эмгектери чогултулган.

Бейшен Турусбеков өзүнүн бүткүл өмүрүн педагогдук ишмердүүлүккө арнаган. Дээрлик 60 жыл бою билим берүү тармагында эмгектенип, медицина жана физиология боюнча бир топ илимий эмгектердин автору болгон. Өзү эмгектенип кеткен иш бөлмөгө профессордун атын берүү - бул анын токсон жылдыгына даярдаган белек дешет окуучулары.
Бейшен Турусбековдун жетекчилиги алдында илимдин 50 кандидаты жана докторлору жакталып чыккан. 60 жылдык эмгек жолунда бир нече окумуштуулар, спортчулар жана машыктыруучулардын мууну тарбияланып чыккан дейт профессор Аскар Нуралиев.

Турусбеков - илимге эмгеги сиңген ишмер, “Даңк” ордени менен сыйланган. Дене тарбия жана спорт академиясынын чыгаан ректорлорунун бири, профессор Бейшен Турусбековдун 90 жылдыгына карата бир катар мааракелик иш-чаралар өткөрүлөт.