Жаңылыктар
Бишкекте КМШга мүчө өлкөлөрдүн мугалимдеринин V съезди башталды
Билим
Бишкекте КМШга мүчө өлкөлөрдүн мугалимдеринин V съезди башталды

Бишкекте эки күнгө созулган Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрүнүн мугалимдеринин V съезди башталды. Ал "Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын контекстиндеги КМШ мамлекеттеринин билим берүү системаларын өнүктүрүү" аталышында өтүүдө. 

Съезд тогуз секцияга бөлүнүп, Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларда жана мектептерде болот. Анда адистер билим берүүнүн ыкмаларын түзүү, коопсуз билим берүү чөйрөсүн калыптандыруу, мектептен тышкаркы билим берүү, жеткинчектердин мектеп жашына чейин сабатын жоюу багытындагы маселелерди талкуулашат. 

Съездде президент Сооронбай Жээнбеков билим берүү — туруктуу өнүктүрүүнүн эң ишенимдүү пайдубалы болуп саналарын жана глобалдуу атаандаштыкка билимдүү коом гана туруштук бере аларын баса белгиледи.