Жаңылыктар
Билим берүү мекемелеринде балдарга берилген тамак-аштын сапаты кандай?
Билим
 Билим берүү мекемелеринде балдарга берилген тамак-аштын сапаты кандай?

Кыргызстанда мектептер менен бала бакчаларда ысык тамак уюштурууда көйгөйлөр бар. Борбор калаадагы 121 мектептин 49да ысык тамак даярдоого тийиштүү шарттар жок. Ашканалардагы жабдыктарды алмаштыруу көйгөйү курч. 

2017-жылы 74 мектепке санитардык абал боюнча эскертүү берилсе, 43нө айып пул салынып, дагы үчөөнүн иши убактылуу токтотулган. Ал эми бүгүнкү күндө өлкөнүн билим берүү мекемелеринде балдарга берилген тамак-аштын сапаты жана шарттары кандай?

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"