Жаңылыктар
Каракол шаарында "Эне тил жана Айтматов" аталышындагы форум өттү
Билим
Каракол шаарында "Эне тил жана Айтматов" аталышындагы форум өттү

"Эне тил жана Айтматов" аталышындагы форум Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде өттү. Бул иш-чара аймактарды өнүктүрүү жылына арналып, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен өткөрүлүп, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү катышты. 

Форумдун негизги максаты - окутуучулардын, студенттердин жөндөмдүүлүгүн арттыруу, тил каражаттарынын таасирдүүлүгүн, образдуулугун баамдоо, тилди терең өздөштүрүү, үйрөтүү экени белгиленди. Мындан сырткары студенттер жазуучунун чыгармаларынан үзүндү окуп, отурумдун катышуучулары Ч.Айтматовго арналган ырларын окуп беришти.

"Негизинен эми эл болуш үчүн эки бакыт керек дешет. Бул мекениң жана эне тилиң, бул экөө болбосо мамлекетти куруш кыйын. Биз тил маселесин ар дайым көтөрүп турушубуз керек. Азыркы учурда мамлекеттик тилдин иденттүүлүгү негизки болоорун биз мына жайылтышыбыз керек",- деди К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору Курманбек Абдылдаев. 

"Өзүңүздөр баамдагандай улуттук тилдин иденттүүлүгүн аныктаган уңгулуу, өзөктүү түшүнүктөр бар. Анан төл башында эне тил турат. Экинчиси улуттун тарыхый эс тутуму, тарых турат",- дейт Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев.