Жаңылыктар
Кыргызстандык шахматчылар жеңиш менен кайтышты
Спорт
Кыргызстандык шахматчылар жеңиш менен кайтышты

Кыргызстандын шахмат боюнча курама командасы Грузиянын Батуми шаарында өткөн 43-Дүйнөлүк шахмат олимпиадасына катышып келди. Анда айымдар курамасы ийгилик жаратып, 11 оюндун ичинен 6 жеңиш, 4 жеңилүү жана 1 жолу тең чыгуу жыйынтыгына жетишкен. 

Жалпы 13 упай менен "С" тайпасында эч кимди алдыга чыгарбаган кыргызстандык курама команда мелдештерди 86-орундан баштап, 48-орунга чейин жеткен. Кыргызстандык Заирбек кызы Бегимай мүмкүн болгон 10 упайдын ичинен 7 упай алып, командада эң мыкты көрсөткүчкө ээ болду. Ошондой эле, Александра Самаганова 5 жарым упай алса, Зарина Усупбекова 7 оюнда 5 упайга ээ болгон.