Жаңылыктар
Логистикалык борборлор дыйкандардын чарбачылыгын өнүктүрүүгө чоң салым кошууда
Экономика
Логистикалык борборлор дыйкандардын чарбачылыгын өнүктүрүүгө чоң салым кошууда

Логистикалык борборлор дыйкандардын чарбачылыгын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, өндүргөн продукциясын жогору баада сатууга өбөлгө боло алат. Жалал-Абад облусунун дыйкандары жашылча жана жөмө-жемиш сактоочу жайларды куруп, азыктарын сактап, жаз айларында сатыкка чыгарууну көздөп турушат.


Ноокен районунун тургуну Расул Мараимов логистикалык борборду иштетип баштагына быйыл 3 жыл болду. 2 миң тоннага ылайыкташкан логистикалык борбор Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кыржылоосунда 13 миллион сомго курулган. 


Дыйкан быйыл 200 тонна алма, 400 тонна картөшкө, 20 тонна анар жана башка жашылча жана мөмө-жемиштин бир нече түрүн сактап жатат. Расул Мараимовдун айтымында, дыйкандар үчүн логистикалык борборлорду ишке киргизүү учурдун талабы. Ал эми Базар-Коргон районунун тургуну Абдулхамит Нартажиев быйыл 40 сотых жерге коондун кыркма сортун өстүрүп, андан жакшы түшүм алган.