Жаңылыктар
Съездге чогулган мугалимдер тажрыйба алмашты
Билим
Съездге чогулган мугалимдер тажрыйба алмашты

Сьездге чогулган мугалимдер секцияларга бөлүнүп, тажрыйба алмашты. Анда иш-чарага катышып жаткан өлкөлөрдөгү билим берүү тутумундагы стандарттар жана педагогдордун дасыгын жогорулатуу жолдору тууралуу кеп кылышты. Бешинчи съезддин алкагында жалпы 9 секция каралган, алардын бешөө бүгүн өттү.


Мугалимдер V съезддин расмий бөлүгүнөн соң, 5 секцияга бөлүнүп педагогикалык маселелерди сүйлөштү. Анда окутуучулар мектепке чейинки билим берүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, бул багытта кандай иш-аракеттерди жасаш керектигин талкуулашты. 

Ошондой эле, башталгыч класстардан жогорку окуу жайлардын окуу программасынын артыкчылыктары жана кемчиликтери жөнүндө сүйлөшүштү. Айрыкча, тил үйрөтүү жагына басым жасалды. Ар бир мугалим чет тилдерди үйрөтүүдөгү өзүнүн өзгөчө жана жаңы ыкмалары менен бөлүштү.

Бишкек Гуманитардык университетиндеги секция “Улуттук квалификациялык тутум жана мугалимдин кесипкөйлүк стандарты” темасында болуп, аны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү жолдору каралды. Мугалимдин квалификациясын көтөрүүдө кайсыл өлкөдө кандай стандарттар бар жана окутуучуларга жогорку категорияны кандай жолдор менен ыйгаруу керек деген маселе коюлду.