Жаңылыктар
Москвада жөө жүргүнчүлөрдү кокусунан сүзүп алган кыргызстандык таксистке сот өкүмү чыкты
Кырсык
Москвада жөө жүргүнчүлөрдү кокусунан сүзүп алган кыргызстандык таксистке сот өкүмү чыкты

Москва шаарынын соту футбол боюнча дүйнө чемпионаты учурунда жөө жүргүнчүлөрдү кокусунан сүзүп алган кыргызстандык таксистке өкүм чыгарды. 

Ага ылайык, Чыңгыз Анарбек уулу 1 жарым жылга кара жумушка тартылып, айлык маянасынан 15% кармалат. Ошондой эле 3 жылга чейин унаа айдоо укугунан ажыратылды. 

Айыпталуучу өз күнөөсүн моюнуна алып, өкүнгөн. Эске салсак, 16-июнда Москванын борборунда такси жолдон чыгып, тротуарда кетип бара жаткан кишилерди кокустан сүзүп алган. Анын жыйынтыгында 7 адам жабыркаган. 

Айдоочу полиция кызматкерлерине кырсыкка чейин 20 саат бою рулда отурганын, газ менен тормоздун баскычтарын алмаштырып алганын айткан.