Жаңылыктар
Акысыз медициналык текшерүү жүргүзүлөт
Ден соолук
Акысыз медициналык текшерүү жүргүзүлөт

7-апрелде шаар тургундары кандагы канттын денгээлин акысыз текшерте алышат. Бул күнү бүткүл дүйнөлүк саламаттык күнүнө арналып, шаардагы саламаттык сактоо уюмдарында ачык эшик күндөрү өтөт. 

Маалыматтарга караганда, кант диабети өтө кеңири тараган социалдык проблема. Анткени бул оруу коомчулукта кеңири жайылып, илдет эрте майып болууга алып келген учурлар көп жана андан көз жумгандардын саны дагы арбын. 

7-апрель бүткүл дүйнөлүк саламаттык күнүнө карата кант диабетинин көйгөйлөрүнө, аны алдын алууга жана кант диабети менен ооругандарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүүгө жергиликтүү тургундар менен жарандык коомдун көңүлүн буруу үчүн түрлүү иш-чаралар өткөрүлөт. Иш-чаранын алкагында саламаттык сактоо уюмдарында жана шаардагы ири соода борборлорунда кандагы глюкозанын денгээлин текшерүү акциялары уюштурулат.