Дзюдочу Султан Жеңишбеков Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте өтүп жаткан жаштар арасындагы олимпиада оюндарында коло байгеге ээ болду.
Спортчу буга чейин жеке эсепте күрөшүп, бразилиялык жана тажикстандык спортчулардан жеңилип калган. Аралаш командалардын арасында ал Рио-де-Жанейронун курама командасына кирген.
Анын жанында Косово, Тажикстан, Түркмөнстан, Россия, Алжир, Словения, Бурундиден келген спортчулар болгон.