Жаңылыктар
Ош шаарында "Чыңгыз Айтматовдун мурасы: Ааламдашуу доорунда биримдикте жашоо" аталган форум өттү
Билим
Ош шаарында "Чыңгыз Айтматовдун мурасы: Ааламдашуу доорунда биримдикте жашоо" аталган форум өттү

Эки күндөн бери Ош шаарында өтүп жаткан "Чыңгыз Айтматовдун мурасы: Ааламдашуу доорунда биримдикте жашоо" аттуу II кыргыз-казак илимий жана чыгармачыл интеллигенция форуму өз максатына жетти. Мындай пикирин уюштуруучу топ билдирди. Иш-чара кыргыз, казак элдерине жолдонгон кайрылуу менен жыйынтыкталды.

Ушул каармандар аркылуу да Айтматовдун чыгармалары дүйнөнүн 170тей тилине которулуп, ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча эң окумдуу жазуучулардын бири болгон. Ал эми, каармандардын образын көрөрмандарга жеткирүүдө, аны жарыкка чыгарууда өнөр инсандарынын ролу чоң. Назира Мамбетованын айтымында, адамзатка тагдырлаш болгон Айтматовдун каармандары 70 жылдары эле, узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына тараган.

Ушул “Жамийла” спектакли Азербайжандан кийин, Туркияда андан соң, Кытайда-Шанхайда коюлат. Айтматовдун 90 жылдыгына карата мерчемделген мындай иш-чараларга демилгелик кылган Эл аралык Түрк академиясы, Кыргызстандын Президентинин Аппараты, Ош мамлекеттик университети менен биргеликте, Ошто “ Чыңгыз Айтматовдун мурасы: Ааламдашуу доорунда биримдикте жашоо” аттуу II кыргыз-казак илимий жана чыгармачыл интеллигенция форумун уюштурду. Максаты - кыргыз-казак элдеринин достугун дагы бир ирет даңазалоо.
Акын, жазуучу- Баянгалы Алимжанов, Казакстандан чыккан жалгыз манасчы. Ал бул шеринеге куру кол келген жок. Эки элдин достугун күбөлөндүргөн ыр саптары камтылган китептер басылмасын алып келген.
Ысык-Көлдөгү өткөн шериненин уландысы иретинде кабылданган II форумга кыргыз, казак элдеринин окумуштуулары, акын-жазуучулары, сүрөтчүлөр жана өнөр адамдары катышып жатат. Султан Раевдин Президент Сооронбай Жээнбековдун, форумдун катышуучуларына жолдогон куттуктоосунан кийин, эркин пикир алышуу болду. 

Шериненин алкагында илимий дискуссия, дебаттар уюштурулган. Кыргыз журту гана эмес дүйнө окурмандары кастарлаган Айтматовдун чыгармаларынын негизинде жазылган спектаклдерден үзүндүлөр тартууланган академиялык кече да өттү. Эң жаш катышуучу Улукбек Омокеев, форумга жеке сунушу менен келген. 

Эки күнгө белгиленген шерине өз максатына жеткенин уюшутуруучу топ билдирди. Соңунда, кыргыз, казак элдерине кайрылуу жолдонду. Эки элдин достугуна данакер болгон мындай саамалык келерки жылы Казакстандын Талдыкорганында өтмөй болууда. Кыргыз-казак форумунун биринчи отуруму мындан он жыл мурун Казакстандын Алматы шаарында өткөн.