Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алды
Саясат
 Сооронбай Жээнбеков элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда дипломатиялык ишмердигин баштаган бир катар мамлекеттердин элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды. Алар Америка Кошмо Штаттары, Аргентина, Чили, Пакистан, Катар, Корея өлкөлөрү. Президент ар бир элчи менен пикир алышып, мамлекеттер ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды.

Ар бир элчини ардак кароол Ак үйдүн алдында салам айтып, өзгөчө сый урмат менен тосуп алды. Ишеним грамотасын алгач Кореянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси тапшырды. Грамотада элчи ишмердигин жүргүзүп жаткан өлкөдө анын билдирүүлөрүнө жана иш аракеттерине ишеним көрсөтүү өтүнүчү камтылат. Президент Сооронбай Жээнбеков эки өлкө ортосундагы ийгиликтүү ишке ашып жаткан долбоорлорго токтолду. 

Элчинин Кыргызстанда ишмердигин баштаганына 3 айдын жүзү болду. Ал эки тараптуу долбоорлор өнүктүрүлөрүн, Корея Кыргызстанды стратегиялык өнөктөш катары тааныйт деп белгиледи. 

Азыр Корея өкмөтү чет мамлекеттер менен иштөө боюнча жаңы программа иштеп жатат. Анда Кыргызстандын орду өтө жогору белгиленген. Биз Койка агенттигинин ишмердигин күчөтүп, Кореяда иштеген кыргыз жарандарына шарт түзүү, ошондой эле маданият, туризм тармагын кеңейтүүнү карап жатабыз. Кыргызстан учурда Катар мамлекети менен дагы өзгөчө мамиле куруп жатат. Айрыкча соода экономика, туризм, маданият тармагында кызматташтыкты кеңейтүү эки тараптын тең башкы максаты. 

Андан соң, ишеним грамотасын АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу тапшырды. Биздин өлкө менен Американын мамилеси көп тармактуу деп айтууга толук негиз бар. Адам укуктарын коргоо, жарандык коомду, парламенттик демократияны өнүктүрүүдө тажрыйба алмашып, эми бул багыттагы кызматташтыкты мындан ары да өркүндөтүү керек. 

Баса, Дональд Лу биздин өлкөдө биринчи жолу эмес. Ал 2003-2006-жылдары Американын Кыргызстандагы элчилигинде дипломатиялык миссиянын башчысынын орун басары болуп иштеген. Эми элчи макамында келип отурат. 

Биз Урматтуу президент менен АКШ Кыргызстандын кызматташтыгын бекемдөө, ага катар эл аралык уюмдардагы алаканы жаңы деңгээлге чыгаруу тууралуу пикир алыштык. Биздин элчилик тараптан, президент Сооронбай Жээнбеков айтып кеткен бекем кызматташтыкты түзүүгө бардык иш аракеттер көрүлөт.))
Ишеним грамотасын Европа биримдигинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү да тапшырды. Евро биримдиктин биздин мамлекетке көрсөткөн көмөгүн санасак, өзүнчө бир узун тизме. Эки тараптуу ишке ашырылып жаткан ийгиликтүү долбоорлор да аз эмес. 

Президент ошондой эле Пакистандын, Чилинин, Аргентинанын жана Замбия мамлекетинин Кыргызстандагы элчилеринин грамоталарын кабыл алды. Өлкө башчысы Кыргызстан ар бир өлкө менен мамилелерди тереңдетүүгө жана мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Достук жана тыгыз кызматташтык алаканы бекемдөөгө бардык иш аракеттер көрүлөрүн элчилер да убада кылышты. 

Маселен, Пакистан электр энергиясы менен өзүн өзү камсыздай албайт. Андыктан Каса-1000 долбоору аркылуу биз Кыргызстандан кошумча энергияны алабыз. Туризм, бизнес чөйрөсүн да өнүктүрөбүз. Кыргызстанда Пакистандын 20 мин студенти окуйт, андыктан билим берүү тармагы да приоритеттүү. 
Кыргызстан менен биздин өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамиле 1993-жылы түзүлгөн. Ошол убактан бери эки мамлекетти байланыштырган бардык маселелерди мындан ары да өнүктүрүшүбүз керек. Эки өлкө тең жаңы өнүгүп келе жатат, андыктан биз үчүн экономика негизги багыт. 

Буга катар элчилер менен баарлашууда президент соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун, өзгөчө айыл чарба, туризм, өндүрүш, жаңы технологиялар жаатындагы кызматташууга олуттуу маани берилерин баса белгиледи.